АЛЬБОМ
Jump to navigation
Jump to search
АЛЬБОМ (фр. album – ак таблица, тизмек) – сүрөт тартуу, марка чаптоо, фотосүрөттөрдү сактоо, ырларды көчүрүп жазуу ж. б. максаттар үчүн колдонулуучу таза барактуу китеп же дептер (мис., үй-бүлөлүк альбом); көп учурларда түшүндүрмө жазуу менен коштолуп, китеп түрүндө басылып чыккан репродукция, фотосүрөт, чиймелердин жыйнагы. Учурда заманбап технологиялык каражаттардын өнүгүүсүнүн натыйжасында мобилдик телефондон же компьютердин жардамы менен да ар түрдүү автордук баракчаларды жасаса болот.