АСАНОВА Үмүт

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>, а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСАНОВА Үмүт (2.1.1949-ж. т., Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Бар-Булак айылы) – философ, философия илимд. доктору (2002). КМУну 1971-ж. бүтүргөн. КМУнун философия кафедрасынын окутуучусу, КММИнин доценти, КМГГУда кафедра башчысы, окумуштуу катчысы, профессору. 1997-жылдан KP УИАнын Президиумунун эл аралык бөлүмүнүн башчысы, КММАда кафедра башчысы, 2001-жылдан KP УИАнын Президиумуна караштуу Эл аралык ил. программа жана стандарт борборунун директору. Кырг-ндын Фулбрайтовчулар Ассоциациясынын президенти болуп шайланган (2001-ж.). БГУнун ардактуу профессору (1996). 70тен ашуун ил. эмгектин, анын ичинде I монографиянын автору.
Эмг.: Расизм и семья в мире капитала. Ф., «Кыргызстан» 1987; Исламская философия образования. Б., 2000. Философия образования. Б., 2001.