АРИФМЕТИКАЛЫК ПРОГРЕССИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:29, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИФМЕТИКАЛЫК ПРОГРЕССИЯ (лат. progressio – өсүү) – сан удаалаштыгы, анын ар бир кийинки мүчөсү мурдакысына А. п-нын айырмасы деп аталган, кандайдыр d турактуу санын кошуу менен алынган сан катары. Ap бир А. п. a, a+d,a+2d,a+3d,... түрүндө жазылат, жалпы мүчөсү аn = а + (n - 1) d. А. п-ны мүнөздөөчү формула :

Эгер d > 0 болсо, анда А. п. өсүүчү, эгер d < 0 болсо, кемүүчү деп аталат. А. п-нын эң жөнөкөй мисалы болуп 1, 2, .., n,... натуралдык сандардын катары эсептелет. А. п-нын мүчөлөрүнүн саны чектүү же чексиз болушу мүмкүн. Эгер А. п. n мүчөдөн турса, анда анын мүчөлөрүнүн суммасы төмөнкү формула менен чыгарылат: