АРИФМЕТИКАЛЫК ПРОГРЕССИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:51, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИФМЕТИКАЛЫК ПРОГРЕССИЯ (лат. progressio – өсүү) – сан удаалаштыгы, анын ар бир кийинки мүчөсү мурдакысына А. п-нын айырмасы деп аталган, кандайдыр d турактуу санын кошуу м-н алынган сан катары. Ap бир А. п. a, a+d,a+2d,a+3d,... түрүндө жазылат, жалпы мүчөсү аn = а + (n - 1) d. А. п-ны мүнөздөөчү формула :

Эгер d > 0 болсо, анда А. п. өсүүчү, эгер d < 0 болсо, кемүүчү деп аталат. А. п-нын эң жөнөкөй мисалы болуп 1, 2, .., n,... натуралдык сандардын катары эсептелет. А. п-нын мүчөлөрүнүн саны чектүү же чексиз болушу мүмкүн. Эгер А. п. n мүчөдөн турса, анда анын мүчөлөрүнүн суммасы төмөнкү формула м-н чыгарылат: