АРИФМЕТИКА
АРИФМЕТИКА (гр. arithmetike, arithmos - сан) – сандар ж-a сан көптүктөрү менен жүргүзүлгөн амалдар ж-дөгү илим; математиканын бир бөлүмү. А. сан түшүнүгүнүн пайда болушу, эсептөөлөрдүн ыкмалары ж-a каражаттары ж-дө, табияттагы ар кайсы эсептөө системалары менен жүргүзүлүүчү амалдарды изилдөө, сандардын касиеттери ж-a сан көптүктөрүнүн түзүлүшүнүн аксиомалык анализи ж-дөгү окуу. Саноо мад-ты биздин доорго жеткен мат. кол жазмалардан алда канча мурда пайда болгон. Эң алгачкылары болуп Кахундук (Египет) жана атактуу Ринддин (матем. папирустар) папирустары эсептелет. Алар б. з. ч. 2000-жылга туура келет. А-нын кийинки өнүгүшү Байыркы Египет менен байланыштуу. А. Байыркы Грекияда өзгөчө логистика деп аталуучу илим катары берилген. Байыркы гр. математиги Евклид (б. з. ч. III к.) өзүнүн 7-9–«Башталыштар» китептерин толугу менен А-га арнап, аларда биринчи жолу эң чоң жалпы бөлүүчүнү табуу алгоритми ж-a жөнөкөй сандар ж-дөгү теоремалар орун алган. А. ж-a эсептөөнүн ондук системасы ж-дөгү окуу Китай, Индия математиктеринин эмгектеринде өнүктүрүлгөн. Индия математикасы арабдарда, Азия менен Европада А. илиминин өнүгүшүнө түрткү берген. Биздин доордун IX к-да Мухаммед аль-Хорезминин А. ж-дөгү трактаты, индустардын санды ондук системада жазышы, аларды кошуу, алуу, бөлүү, көбөйтүү, квадраттык тамырдан чыгаруу ыкмаларын кеңири жайылтууга түрткү болгон. А-ны байыртадан бери эле кыргыздар да жашоо-тиричилигинде пайдаланып келишкен.
Ад.: История математики. Т.1-3. М., 1970-72; Ван
дер Варден. Пробуждающаяся наука. М., 1959.
Энциклопедия элементарной математики, кн1. Арифметика. М. -Л., 1951.
А А Чекеев, С. С. Токсонбаев'.