АРГАСЫЗ ТЕРМЕЛҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:44, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРГАСЫЗ ТЕРМЕЛҮҮ – системада сырткы күчтүн таасиринде пайда болуучу мезгилдүү кыймылдоолор. Анын мүнөзү сырткы күч ж-а системанын өзүнүн касиети м-н да аныкталат. А. т. адегенде мезгилдүү сырткы күчтүн аракети м-н убакытка жараша өзгөрөт, бир аз убакыт өткөндөн кийин системада мезгили сырткы күчтүн мезгилине барабар болот. Сызыктуу термелүүчү системага жыштыгы системанын өздүк термелүүсүнүн жыштыгына жакын сырткы күчтү туташтырууда системада А. т-дөй бир эле мез­гилде өздүк термелүү пайда болот. Бул термелүүнүн амплитудасы алгач барабар, фазалары карама-каршы, өздүк термелүүсү акырындык м-н басаңдап, системада белгилүү А. т. калат. Анын амплитудасы системадагы аракет кылуучу күчтүн амплитудасы ж-а басаңдоосу м-н аныкталат. Эгерде басаңдоосу аз болсо, анда А. т-нүн амплитудасы аракет этүүчү күчтүн жышытыгы м-н системанын өздүк термелүүсүнүн жыштыгынын катышына көз каранды. Сырткы күч­түн жыштыгы системанын өздүк жыштыгына жакындаса, А. т-нүн амплитудасы кескин көбөйүп, резонанс пайда болот.