АРАЛАШ ТОЮТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛАШ ТОЮТ – сиңимдүү заттарга бай кургак тоют аралашмасы. Концентраттык тоют жана кошумча тоют аралашмасынан атайын ре­цепт б-ча жасалат. А. т. түрдүү биол. активдүү заттар кошулуп жасалса, жагымдуу жана даамдуу болуп, аш болумдуулугу 20–30 %ке жогорулайт. Малды керек азык зат менен камсыз кылып, түрдүү ыландан сактайт. Ал жасалышы б-ча үч түргө бөлүнөт: толук рациондуу, аралаш жем жана белоктуу-витаминдүү кошунду. А. т-тун курамында 5–8 компонент: арпа, буудай, күнжара, жүгөрү, саман-топон, витаминдүү чөп уну, антибиотик, туз ж. б. бар. Ал майда, орточо жана кесек түрүндө болот. А. т. ун, акшак, бүртүк жана брикет түрүндө даярдалат. Бул тоют мал мал­дын түрүнө, жашына, чарбалык маанисине, кунардуулугуна жараша өлчөм менен берилет.