АРАЛАШ ТОКОЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛАШ ТОКОЙ – ар түрдүү тукумдагы, көбүнчө ийне жана жазы жалбырактуу дарактар өсүүчү аймак. Ал мелүүн алкактардагы ийне, жазы жалбырактуу, тропиктердеги дайыма жашыл жана жалбырагы күбүлмө, субтропиктердеги лавр жана ийне жалбырактуу ж. б. болуп бөлүнөт. Анда кайсынысы басымдуу болсо, ал негизгиси болуп, ал эми калганы аралаш дарактарды түзөт. Табигый А. т. көп кездешет, атайы өстүрүлгөн токойлор да бар.