АДРЕС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДРЕС (фр. adresse – багыттоо) – 1) адамдын жашаган жана мекеменин, ишкананын, уюмдун турган жери; 2)информатикада– ЭЭМдин эс облусун (регистр, уяча, бет ж. б.), анын сырткы түзүлүшүн же информ., эсептөө тармактарынын түйүндөрүн аныктоочу сан же символдук белгилөө; ЭЭМде маалыматтын жай­гашуу ордун аныктоочу код. А‑тин түрлөрү: чы­ныгы А. [уячалардын (блоктун, түзүлүштүн) но­муруна туура келген конкреттүү коддор]; салыштырма А. (өзгөчө тандалган айрым уячадан, көбүнчө анын буйруктары сакталган эстин уяча­ларынан баштап эсептелген эс уячаларынын номуру); символдук А. (программалоодо ыңгай­луулук үчүн колдонулган А‑тин шарттуу белги­лениши). А. машинада уячаларга туура келүүчү кайрылууну камсыз кылган башкаруучу сиг­налдар системасына дешифратор менен өзгөртү­лөт. Дешифраторго келгени аткаргыч А., ал эми ЭЭМдин эсинен алынуучу буйруктардын ку­рамындагысы баштапкы же жөн эле А. деп аталат.