«АЛГА» футбол командасы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:58, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

"АЛГА"‒ Бишкектин футбол командасы. 1955-ж. «Спартак» ыктыярдуу спорт коомунун респ. жыйынында «Спартак» деген ат менен түзүлгөн. 1960‒94-ж. «А.» деп аталган. 1956‒63-ж. СССРдин футбол б-ча биринчилиги үчүн «Б.» классындагы командалар арасында ойногон. 1963-жылдан «А.» классынын 2-лигасын да ойнойт. 1970, 1973, 1975-ж. жана 1979-ж. «А.» классынын 1-лигасында ойногон. Команданын көпчүлүк футболчулары спорт чеберлери наамына ээ болушкан. Чет өлкөлүк улуттук жана клубдук командалар менен 30дан ашуун эл аралык жана жолдоштук беттешүү өткөргөн. «А.» үчүн жаш спортчулар «Жаштык» (1981) командасында даярдалат. 1982-жылдан «Алга» спорт коомунун респ. советинин карамагына кирген. «А.» командасында СССР спорт чеберлери Н. Емцов, Ю. Мусаев, Г. Мерзликин, Д. Бибаев, З.Султанов, Б.Стрельцов, М. Тягусов, Г.Шевченко, П. Шубин, В. Фомин ж. б. футболчулар болгон.