АРАКЕЧТИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:04, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАКЕЧТИК, а л к о г о л и з м – спирт ичкиликтерин такай ичүүдөн адамдын ден соолугун, иштөө жөндөмүн, психикасын ж-а жашоо турмушун бузуучу оору. Спирт ичкиликтерин көп ичүү адамдын моралдык жактан төмөндөшүнө алып келип, организмге олуттуу зыян келтирет. А-тин башталышында көп ичкен киши өзүн ишке жарамдуу, мурдагыдай эле алдуу-күчтүү сезет, бирок аз өлчөмдөгү алкоголдон эле шайы кетип, акыл эмгегине жарамдуулугу төмөндөөрүн изилдөөлөр далилдеген. Ичкилик адамдын бүт организмине, органдарына, биринчи иретте эң маанилүү борб. нерв системасына (мээге) терс таасир этет. Спирт ичкилиги кан аркылуу бүт денеге тарап, мээнин клеткаларын дүүлүктүрүп, адамдын көңүлүн убактылуу көтөрүп, жайдары кылып, даты ичкисин келтирет. Өтө көп ичкенде ууланган мээ клеткаларынын иши начарлап, шал боло баштайт да, адам айланасында эмне болуп жатканын сезбей, ар түрдүү кылмыштуу иштерге барат. Өнөкөткө айланган, адамдын психикалык ооруларынын ичинен ке­ңири таралганы – ичкилик буулукмасы. А-тин жеке ж-а коомдук турмушка зыяны өтө чоң. Аракечтер коомдун, үй-бүлөнүн алдында жоопкерчилик сезимин жоготот, укук тартибин бузууга ж. б. ээнбаш аракеттерге барат. Ал эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө, эмгек тартибинин бузулушуна, өндүрүштүк кокустуктарга, адамдын өлүмүнө себепкер болот. Мастыктын кесепетинен автоавариянын көп болушу да бел­гилүү. Алкоголь адамдын бардык системалары м-н органдарына терс таасирин тийгизээри аныкталган. Ичкиликти такай ичүү нерв системасын (невроз, депрессия, психоз, неврит ж. б.), ички органдардын иштешин бузат, мис., өнөкөт гаст­рит, боор циррозу, панкреатит, кант диабети, о. эле стенокардия, миокарддын инфарктына чалдыктырат, жыныс бездерине терс таа­сир тийгизет; адам эрте картайып, өмүрү кыскарат. Аны дарылоо атайын психоневрологиялык диспансерлерде жүргүзүлөт.