АНТРАХИНОН БОЁКТОРУ
АНТРАХИНОН БОКТОРУ – антрахинондун амин ж-a оксибирикмелери. Химиялык жактан туруктуу, өңү ачык ж-a жарыктын таасирине чыдамдуу. Түрдүү түстөгү амин - антрахинон боектору кеңири таралган. Амин тобундагы суутектин атомун арил же алкил тобуна алмаштыруудан Антрахинон боекторунун түсү кочкулданат; амин тобун ацилдөө боёкту ачык түскө алып келет ж-a целлюлоза, белок, булаларын боёо жөндөмдүүлүгүн арттырат. Аминантрахинондор ж-a анын туундулары дисперстик боёктор, ал эми сульфотоптору болсо кислоталык боёктор катарында колдонулат. Кээ бир N орун алмашкан 1,4-диамин антрахинондор - катиондук ж-a активдүү боёктор. 1,4-бис-ариламин-антрахинон жарыктын, суунун таасирине туруктуу, синтездик булаларды боёодо колдонулат. Ал эми анын дисульфобирикмелери кислоталык боёк болуп эсептелинет. Жарыкка чыдамдуу, оңбой турган пигменттер катары полиграфияда, боёк даярдоодо ж. б. пайдаланылат.