АНТИТОКСИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИТОКСИНДЕР (анти... жана ...токсиндер) - организмге кирген бактерия, жаныбар ууларына (токсинге) каршы пайда болуучу антителолор. Алар токсин (уу) менен айкалашып, аны жоюп жиберет (нейтралдайт). Жаратылышта организмге токсин киргенде же ага жасалма А-ди куйганда канда ошол гана ууга (токсинге) таандык А. пайда болот. Ал медицинада тиешелүү инфекцияны (кептөөр, селейме, газ гангренасы, ботулизм) козгоочу микробдордун уусуна каршы, аны алдын алуу, дарылоодо кеңири колдонулат. А. бар кан сары суусу жылан, кара курт ж.б. уулуу жаныбарлардын уусун зыянсыздандыруу үчүн да куюлат. Ал жаныбарды (жылкыны) керек токсин же анатоксин менен бир нече жолу иммундаштырып, даярдалат.