АНТИПРОТОН
Jump to navigation
Jump to search
АНТИПРОТОН (р ) – протондун туруктуу (стабилдүү) антибөлүкчөсү. А. м-н протондун массасы ж-а спини барабар, электр заряды ж-а магнит моментинин абс. чондугу бирдей, бирок белгилери карама-каршы. А-нын электр заряды терс маанилүү. 1955-ж. О. Чемберлен, Э. Сегре ж. б. (АКШ) табышкан. Бариондордун сакталуу законуна ылайык А. м-н протон бирге пайда болушат. А. жуп бөлүкчөлөр эки бош протон кагылышканда пайда болот. А. зат аркылуу өткөндө аннигиляцияланып, жаңы бөлүкчөлөрдү пайда кылат.