АНКИЛОСТОМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (6), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНКИЛОСТОМА (Ancylostoma duodenale) – анкилостоматиддер тукумундагы жумуру курттар,адамдын он эки эли ичегисинде мителик кылат, ургаачысынын уз. 8-18 мм, эркегиники - 10 мм. Ооз көңдөйүндө 4 тиши бар. Оозу менен ичегинин былжыр челине бекип, кан менен азыктанат. 4-5 жыл жашайт. Жумурткалары сүйрү, түзсүз жука чел кабык менен капталган. Уруктанган жумурткалар оорулуу адамдын заңы менен жерге түшүп, 30-32°Сде жана нымдуу жерде 1 суткадан кийин андан личинкалар чыгат. Алар заң ж. б. чириген орг. заттар менен азыктанат. Личинка адам организмине булганган жер-жемиш, жашылчалар, суу аркылуу кирет. Денеге кирген личинкалар веналарга өтүп, жүрөккө барат, андан өпкөгө, кекиртек аркылуу кулкунга барып, шилекей менен жутулуп, он эки эли ичегиге түшүп, анда өсүп жетилет.