АЛАНД АРАЛДАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
АЛАНД АРАЛДАРЫ, А х в е н а н м а Балтика деӊизинде, Ботния булуӊуна кире бериште; Финляндиянын аймагы. Аянты 1,5 миӊ км2дей. Калкы 28,7 миӊ (2013). 6,5 миӊ граниттүү аралдардан (бийикт.132 мге чейин) жана шхерлерден турат. Аралаш токой, бадал, шалбаа өсөт. Деӊиз климаттык курорттору бар. Балык кармалат, сүт багытындагы уй асыралат. 1921-жылдан демилитаризацияланган зона.