АММОНИФИКАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АММОНИФИКАЦИЯ - азоттуу орг. кошулмалардын аммиакка чейин ажыроосу. Ал аэробдук жана анаэробдук микроорганизмдердин (бактериялар, актиномицеттер жана козу карындар) катышуусунда протеолит ферменттин таасири менен жүрөт. Бул процесс бардык топуракта, чөйрөнүн ар кандай реакциясында, абада жана абасыз да болот. Бирок өтө кычкыл же жегичтүү чөйрөдө, анаэробдук шартта өтө жай болуп, анын ылдамдыгына топурак темп-расы, нымдуулугу ж. б. факторлор таасир этет. Анаэробдук шартта азоттуу орг. заттар аммиакка чейин ажырайт. Аэробдук шартта аммоний туздары нитраттарга чейин кычкылданат. Мында өсүмдүк азотту кыйындык менен сиңүүчү аммоний, аммиак түрүндө сиңирет. Азоттун табиятта айлануусунда жана өсүмдүктөрдү азоттун сиңимдүү түрү менен камсыз кылууда анын мааниси зор.