АМЁБИАЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМЕБИАЗ – адамдын жоон ичегисинде дизентерия амёбасы пайда кылуучу мите оорусу. Амёбанын туруктуу формасы – циста менен булганган жашылча-жемиш, суу, кир кол аркылуу жугат. Айрым учурда амёбалар организмге киргенден кийин оорунун белгилери байкалбайт. Мындай адам амёба алып жүрүүчү болуп, айлана-чөйрөгө заңы менен амёбанын цисталарын чыгарат. Циста организмге киргенден бир жума (кээде бир нече ай) өткөндөн кийин оору башталат: алы кетип, тамакка табит тартпай, ич катуу ооруп, ириң, кан былжыр аралаш өтөт. Кээде жоон ичегиде дизентерия пайда кылган жараттан кан аркылуу башка органдарга (өпкө, боор, бөйрөк, мээ ж. б.) өткөн амёбалар ал органдарды абсцесске дуушар кылат. Дарылоо антибиотиктер менен врачтын көзөмөлүндө жүрөт. А-ды алдын алууда өздүк гигиена эрежесин сактоо, тамак-ашты, идиш-аякты чымын кондурбай таза кармоо, жашылча-жемиштерди кайнатылган суу менен жууп жеш керек.