АЛЕКСАНДР III

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДР III (26. 2. 1845, Санкт-Петербург ‒ 20. 10. 1894, Ливадия, Крым) ‒ Россиянын императору (1881‒94). Александр IIнин уулу. 1880-жылдардын экинчи жарымында атасынын реформаларына каршы бир катар реформаларды жүргүзгөн. Полициянын, жерг. жана борб. бийликтин таасирин бекемдеп, тескерисинче земстволук, шаардык башкаруу органдарынын үстүнөн катуу көзөмөл орнотуп, ун-ттердин укугун чектеген жана цензураны күчөткөн. Анын учурунда О. Азия толугу менен Россиянын курамына кошулган (1885). 1883-ж. Петербург ш-нда өткөн А. IIIнүн тактыга отуруу салтанатына Түркстандан да өкүлдөр чакырылып, ал делегациянын курамында кыргыздардан Шабдан Жантай уулу катышып келген. Тышкы саясатта А. III Франция менен жакындашууга аракет кылып, натыйжада Россия-Франция союзу түзүлгөн (1891‒93).