АК-СУУ ГРАНИТ-ДИОРИТ КЕНИ
Jump to navigation
Jump to search
Чүй обл-нун Москва р-нундагы Беловодский (Ак-Суу) кыш-нан 38 км түштүктө, Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы Ак-Суу өрөөнүндө. Кен аймагын да силур мезгилинде жиреп чыккан гранит-диорит ж-а диорит интрузия тектери жатат. Алардын жер бетине чыгып жатышы 3 кмге созулат. Гранит-диорит м-н диорит орто, чанда ири кристаллдуу түзүлүштө, өӊү ачык боз, жашыл сымал боз. Табигый жаракалуу, алар б-ча 0,5‒2 м3 көлөмдөгү блокторго жакшы ажырайт. Жеӊил иштетилип, оӊой кесилет. Физ.-мех. касиеттери б-ча көркөм кооз курулуш таштарга болгон талаптардын бардыгына жооп берет. Архитектура курулмаларына, имараттардын дубалын кооздоп каптоого болот.