АЛЛЮВИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:28, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЛЮВИЙ (лат. alluviеs ‒ агынды, шиленди, сайроон), а л л ю в и й ч ө к м ө л ө р ү ‒ агып келип суу-дарыя нуктарына, сайларга топтолгон кесек, борпоӊ чөкмөлөр. Терминди 1823-ж. англ. окумуштуу У. Бакленд сунуштаган. А. көлөмү, курамы, сорттолушу жагынан ар түрдүү

Түздүктөгү дарыянын аллювий түзүлүшүнүн схемасы: 1 ‒ суу киргендеги деӊгээли, 2, 3, 4 ‒ аллювий: нук, жайылма, эски аллювий түзүлүштөрү, 5 ‒ тоо капталдарынын жана дарыя өрөөндөрүнүн таманынын түпкү тектери.

Тоо тектердин жумуруланган кесек сыныктарынан, кум менен чопонун аралашмаларынан турат. Сынык бөлүкчөлөрдүн кесектиги б-ча жумуру таштуу, шагыл таштуу, кумдуу, чополуу, чым көӊдүү жана кум топурактуу; жайгашкан орундарына жараша нуктук, жайпама, кургап калган байыркы өзөн А. болуп бөлүнөт (к. схема). Айрым нук А-де алтын, платина, калай ж. б-дын кен чачындылары (россыпь) жолугат. А. менен кум-шагыл курулуш материалдары да байланыштуу.