АДРЕСТҮҮЛҮК
Jump to navigation
Jump to search
АДРЕСТҮҮЛҮК (ЭЭМде) – электрондук эсептегич мапшнанын командасындагы адрестер саны. А. аткарылып жаткан операциялардын байланыштуулугуна жана мүнөзүнө, машинанын разряддык торунун узундугуна, оперативдүү эске тутуучу түзүлүштүн сыйымдуулугуна жана структурасына жараша аныкталат. Адрес саны б‑ча командалар бир, көп адрестүү жана адрессиз болуп бөлүнөт. Машиналардын А‑гү туруктуу жана өзгөрмө болуп айырмаланат. Туруктуу А‑тө командалар кодундагы адрестердин саны өзгөрбөйт. Өзгөрмө А‑төгү машинада эсептөө учурунда 4 адрестүү команда системасынан 3 адрестүү команда системасына өтүүгө мүмкүн болот.