АНЕМОФИЛИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЕМОФИЛИЯ анемогамия (анемо... жана гр. phileo – сүйөм) – өсүмдүктүн шамал аркылуу чаңдашуусу. Ал ийне жалбырактууларга, о. эле көпчүлүк гүлдүү өсүмдүктөргө мүнөздүү. А. тобуна кирүүчү гүлдүү өсүмдүктөрдүн келип чыгышын алардын курт-кумурскалар менен чаңдашууга мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу жана этномофилдик тегинин өсүү-шартына ыңгайлануусу менен түшүндүрүлөт. Бул дан өсүмдүктөрүнө, өлөң чөптөргө, эки үлүштүү дарак өсүмдүктөрүнүн көпчүлүгүнө (кайың, эмен, кызыл кайың, ормон-жаңгак, байтерек ж. б.) мүнөздүү. Мындай өсүмдүктөрдө гүл коргону жок же редукцияланып, көрксүз, түссүз жана жытсыз болуп, жеңил, майда, көп чаңчалар пайда болот. Булар жалбырактары ачылганга чейин эле гүлдөп бүтөт.