АНАЛОГИЯЛУУ ОРГАНДАР
Jump to navigation
Jump to search
АНАЛОГИЯЛУУ ОРГАНДАР (гр. analogos - окшоштук) – ар башка систематикалык топко кирген организмдердин окшош органдары. Органдардын мындай окшоштугу аткарган кызматына байланыштуу. Алар организмдердин теги бир экендигин аныктоого негиз боло албайт. Анткени, алар аткарган кызматтары б-ча окшош болгону м-н келип чыгышы б-ча айырмаланат. Алардын окшоштугу организмдердин бир экол. чөйрөгө ыңгайланышынын, б. а. конвергенциянын негизинде келип чыгат. Бир эле чөйрөдөгү ар башка топтун организмдеринин окшош органдары бири бирине көз карандысыз өөрчүгөн. Мис., сөөктүү ж-а кемирчектүү балыктардын дене ж-а сүзгүч канаттарынын окшоштугу же алардын дене формасына сүт эмүүчү дельфиндин денесинин окшоштугу ж. б.