АЛАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАНДАР (өздөрүн ирондор деп аташат) ‒ иран тилинде сүйлөгөн байыркы көчмөн уруулар. Рим жана Византия жазма маалыматтарына караганда А-дар Түш. Каспий, Дон, Кавказга жакын жерде жашаган жарым көчмөн сармат элинен б. з. ч. 1-к-да бөлүнүп чыгышкан. Б. з. 1-к-да А. Азов деӊизинин алабында жана Кавказдын талааларында жашашып, Кавказ, Крым, Индия, Кичи Азия, Мидия жана Рим империясына чабуул жасап турушкан. 370-ж. гунндардын чабуулунан кийин А. эки бөлүккө бөлүнүп, бир бөлүгү готтор жана вандалдар менен бирге (элдердин улуу көчүү доорунда) Галлия, Испания аркылуу Түн. Африкага (айрымдары азыркы Франциянын аймагына отурукташып, жерг. элдери менен аралашып кеткен) чейин жетишкен. А-дын экинчи бөлүгү Түн. Кавказ тоолорун карай жылышып, ибер-кавказ урууларына биригишет. 5-к-дын 2-жарымында Түн. Кавказдагы А. кайрадан согуштук-саясий күчтөрдүн бири болгон. 7-к-да Хазар каганатынын курамына убактылуу кирген мезгилде христиан динин кабыл алышкан. 10-к-да мамл. түзүлүшкө ээ болуп, грек алфавитинин негизинде өз жазуусун өнүктүрүп, атактуу Нарт эпосун жаратышкан, чиркөөлөр (Төмөнкү Архыз, Сент) ж. б. ири курулуштар салынып, жогорку мад-ка (Крымдагы Керчен Склеби, Салтово-Маяцкая мад-ты) жетишкен. Алар дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишкен. А. бир нече топторго (асы, ясы ж. б.) бөлүнгөн. 13-к-да монгол-татарлардын жортуулдарынын жана Тимурдун басып алууларынын натыйжасында А. азыркы Румыния, Венгрия (Ясы) аймактарына көчүшкөн, калгандары Борб. Кавказ тоолоруна сүрүлгөн. А. осетиндердин түпкү ата-бабалары болуп саналышат. 14-к-дан ислам дини кеӊири жайылган.
Ө. Осмонов.