АЛАМЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАМЫЧ, «а л а м о н ч о к» ‒ шырдакка, куракка, саймага жана өрмөккө түшкөн көркөм оюмдун жана көчөттүн араларын бири-биринен бөлүп, айырмалап туруучу берене-оюм. Анын кийизчиликте ‒ «бычак учу», «араа тиш», «тумарча», «мүйүз», «ит куйрук», «ача оюм», «ийрек»; саймачылыкта ‒ «суу»; куракчылыкта ‒ «көз»; өрмөкчүлүктө ‒ «чычкан изи» ж. б. түрлөрү кездешет. Ал ортолук оюмдагы бир нече табакчаларды курчап, ортолук жана жээк оюмунун арасына, жээк оюмунун эки жагына ак-кара, кээде сары-кара түстө түшүрүлөт. Буюмдун түрүнө жараша ызгыт менен жээктелип, кооздукту арттырат. А. айрым жерлерде «ала мончок» деп да аталат.

Ө. Осмонов .