АЛ-КАИДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:52, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛ-КАИДА(ар. ‒ негиз, өзөк) ‒ эл аралык исламчыл террордук уюм. 1988-ж. Сауд Аравиясынан чыккан Усама Бен Ладен тарабынан түзүлгөн. А.-К-нын максаты ‒ мусулман өлкөлөрүн жарандык өкмөттөрдөн куткаруу жана ислам мамлекеттерин түзүү, мусулмандардын душмандары деп эсептешкен өлкөлөргө (АКШ, Израиль ж. б.) каршы согуш жүргүзүү (жихад), дүйнөдөгү бардык исламчыл согуштук уюмдарга колдоо көргөзүү. А.-К-нын өзөгүн 1979—89-ж. СССРге каршы күрөшкөн Афганистандагы араб ыктыярдуулары (моджахеддер) түзгөн. Алардын аракеттери Бен Ладен тарабынан каржыланып турган жана көпчүлүгү Сомали, Тоолуу Карабах (армян-азербайжан чатагы), Босния, Косово, Тажикстан, Чеченстандагы (Хаттаб жетектеген можахеттер) ж. б. согуштук окуяларга катышышкан. 1990-ж. А.-К. уюму «Афган жихадынын энциклопедиясын» басып чыгарып, анда террордук аракеттерди жүргүзүү тактикасы, жардыруучу куралдарды жасоо жана пайдалануу ыкмалары камтылган. 1997-ж. АКШнын Борбордук Чалгындоо Кызматы Бен Ладенди «1 террорчу» деп жарыялаган. Бен Ладен Афганистандагы талибдер көзөмөлдөгөн аймактарда жашырынып жүргөн жана «Талибан» кыймылы аны Америкага берүүдөн баш тарткандан кийин, АКШ Афганистандагы антитеррордук компаниясын баштаган. Анын жүрүшүндө А.-К-нын жетекчилеринин көпчүлүгү жок кылынган, бирок Бен Ладен кармалган эмес. 1998-ж. А.-К. уюму Найробидеги (Кения), Дар-Эс-Саламдагы (Танзания) АКШнын элчиликтериндеги жардырууларды (300гө жакын киши өлүп, 5 миӊге жакыны жарадар болгон) уюштургандыгын билдирди. Тунисте, Йеменде, Кувейтте, Индонезияда, Кенияда, Сауд Аравиясында, Испанияда, Түркияда ж. б. өлкөлөрдө А.-К-нын мүчөлөрү уюштурган террордук актылардан жүздөгөн адамдар курман болду. 1998-ж. А.-К. «Иудейлерге жана кресттүүлөргө каршы бүткүл дүйнөлүк ислам фронтунун» түзүлгөндүгүн жарыялады. 11. 9. 2001-ж. террорчулардын Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборуна жана Вашингтондогу Пентагондун имараттарына жасаган авиа чабуулунан 3 миӊ киши курман болуп, бир нече миӊ адам жарадар болду.