АК-ӨЛӨҢ устаканасы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ӨЛӨҢ – байыркы таш дооруна таандык таш курал жасоо «устаканасы». Ысык‑Көлдүн батыш тарабындагы Ак‑Өлөң айылынын түштүгүндөгү тоо этегинде жайгашкан. Борб. Азиядагы эң маа­нилүү археол. эстеликтердин бири. Байыркы адамдар порфирит деп аталган оттук таш те­гинен сапаттуу куралдарды жасашкан. Таш куралдар жана иштетилген белгиси бар таштар­ды (артефакттар) жер үстүнөн көп кездеш­тирүүгө болот. Алар плейстоцен (муз каптоо) учурунда суу үйөрүнүн таасири менен кең аянт­тарга жайылган. Алгач археол. изилдөөлөрдү археолог М. Юнусалиев, кийин 2001‑ж. акаде­мик А. П. Деревянко жетектеген россия‑кыр­гыз экспедициясы жүргүзгөн.
К. Табалдиев.