АК-СУУ КОЗГОЛОҢУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ КОЗГОЛОҢУ ‒ Чүй өрөөнүндөгү Ак-Суу кыштагында 1918-ж. «солчул» эсерлер Совет бийлигине каршы уюштурган козголоӊ. А.-С. к-нун чыгышына Пишпек уездинин 1-партиялык конференциясынын «солчул» эсерлерди жана буржуазиянын өкүлдөрүн бийлик органдарынан кууп чыгуу ж-дөгү чечими шылтоо болгон. 6-декабрда эсерлер жерг. оокаттуу дыйкандарды чогултуп, митинг өткөрүшкөн. Эсерлерден, эски офицерлерден, кулактардан «Элдик аскер совети» түзүлүп, сов. уюмдарды жоюу, Жети-Суу аймагында убактылуу өкмөттүн бийлигин калыбына келтирүү максаты коюлган. Козголоӊго катышкан орустардын бир катары большевиктерден көп партиялуу демократиячыл түзүлүштү киргизүүнү талап кылышып, бул маселени сүйлөшүүлөр жолу менен да чечүүгө далалат кылышкан. Бул козголоӊдун башында солчул эсер Бондаренко турган. Аларды дунган жана кыргыз байлары колдогон. Козголоӊчулар 1918-ж. 6-декабрда Ак-Суу кыштагындагы почтаны, телеграфты басып алышып, колго түшкөн большевиктерди, сов. кызматкерлерди, кызыл аскерлерди мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Козголоӊ Пишпек уездинин батыш жагынын жарымына тарап, Олуя-Ата уездинин айрым кыштактарына чейин жеткен. 14-декабрда Пишпек ш-нын батыш бөлүгүн ээлеп алышкан. Большевиктер тарабынан козголоӊду басууга чечкиндүү чаралар көрүлүп, жер-жерлерде отряддар түзүлгөн. Козголоӊду басууга 22-декабрда Жети-Суу фронтунан Я. Н. Логвиненко жетектеген 1-Пишпек полку келип, козголоӊчулар 28-декабрда кызыл аскерлер тарабынан талкаланган.