АК-ДӨБӨ II ШААР КАЛДЫГЫ
АК-ДӨБӨ II ШААР КАЛДЫГЫ – о. кылымга (6–14‑к.) таандык археол. эстелик. Талас ш‑нын чыгыш тарабындагы Көгой айылынын түш.чыгышында жайгашкан. Талас суусу шаарды экиге бөлүп турат. Жалпы аянты 15 км2 келген кол өнөрчүлүк, соода, дыйканчылык өнүккөн шаар болгон. Жазма булактарга караганда о. кылымдарда ал Текабкат деп аталган. Шаар калдыгын П. Н. Кожемяко 1956–60‑ж. казып изилдеген. Сепилинин (цитаделинин) түбүнүн аянты 50x55 м, бийикт. 9 м. Шаардын борб. бөлүгү (түн. тарабындагы Кулан‑Корук деп аталган чептен) чоподон бышырылып жасалган түтүктөр аркылуу суу менен камсыз болуп турган. Археол. казууда сапаттуу жасалган чопо идиштер табылган. Айрымдары минералдык боёктор, айнек сымал сыр (глазурь) менен сырдалган. Шаар ичиндеги чептерди казууда арх‑ралык курулуштун мыкты үлгүлөрү ачылган. Айрыкча үйдүн ички дубалындагы шыптагы оюу археологдордун көңүлүн бурган. 13–14‑к‑дарда шаардын жашоосу уланган. Бүгүнкү күндө сепил (цитадель) ордунда азыркы мүрзө жайгашкандыктан, археол. эстеликтин бузулуу коркунучу бар.
К. Табалдиев.