АЙЫП
АЙЫП у к у к т а – Адм. жоопкерчилик ж‑дөгү кодексте жана Кылмыш‑жаза кодексинде (КЖК) каралган негизги жазалардын бири; адм. укук бузуу же кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан белгиленип, мамлекеттин пайдасына күнөөлүүдөн өндүрүлүүчү акчалай сумма. А‑тын өлчөмү бир айлык акынын эң аз өлчөмүнөн эсептелет. Адм. жоопкерчилик кодекси б‑ча А‑тын төмөнкү өлчөмү ал өлчөмдүн 0,1%инен кем эмес, ал эми кызмат адамдары үчүн айлыктын эң аз өлчөмүнөн 2 эседен кем алынбайт. А‑тын жогорку өлчөмү айлыктын эң аз өлчөмүнөн 20 эсе, кызмат адамдары үчүн 100 эседен ашпоосу тийиш. КЖКда А‑тын төмөнкү өлчөмү эң төмөнкү айлык акыдан 20 эсе, эң жогорку өлчөмү 1000 эсеге көбөйтүлүп белгиленген. А. негизги жаза катары КЖКнын Өзгөчө бөлүгүнүн нормаларында каралса гана салынат. Эгерде соттолгон адам A‑ты төлөөдөн жүйөөсүз түрдө баш тартса, ал камак менен алмаштырылат.
К. Эсенканов.