АЙША

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:14, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙША (614-ж. чен, Меке – 13. 7. 678, Медина) – Мухаммед пайгамбардын кичи аялы, биринчи халиф Абу Бакрдин (Абу Бекр) кызы. Ал му­сулманчылыкты алгач кабыл алгандардын би­ри, пайгамбардын шериктеши болгон. Пайгам­бар менен өткөргөн 9 жыл ичинде андан абдан көп диний сабактарды алган. А. жамаатта көрү­нүктүү орунду ээлеп, халифтик бийлик үчүн бол­гон саясий күрөшкө активдүү катышат, халиф­тикке жеткен Алинин (Азирет Алинин) душ­мандары тарабына өтөт. А. 656‑ж. болгон «төө­чөндөр согушуна» өзү катышат. Согушта Али­нин жеңишине байланыштуу саясий күрөштөн четтеп калган. Мухаммед өлгөндөн кийин «му­сулмандардын энеси» деген атакка ээ болгон.
Б. Солтонбеков.