АЙТМАТОВ Төрөкул

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:23, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙТМАТОВ Төрөкул (1903, Олуя‑Ата уезди, Күркүрөө болушу, азыркы Кара‑Буура р‑ну, Ше­кер айылы – 1938, Фрунзе) – саясий ж‑а мамл. ишмер. 1917‑ж. орус‑жерг. мектебин, 1924‑ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик ун‑тин бүтүргөн. 1920–21‑ж. болуштук рев­комдун, Грозный кыш‑ндагы жарды‑жалчылар к‑тинин секретары, 1924–26‑ж. ВКП(б)нын Кыр­гыз обкомунун агитация ж‑а пропаганда бөлүмү­нүн башчысынын орун басары ж‑а башчысы, 1926–29‑ж. Каракол‑Нарын округдук к‑тинин, Жалал‑Абад кантондук к‑тинин секретары, 1929–31‑ж. Кыргыз АССРинин өнөр жай‑соода эл комиссары ж‑а Эл чарбасынын борб. совети­нин төрагасы, 1931–33‑ж. партиянын Араван-­Буура райкомунун 1‑секретары, 1934–35‑ж. ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун 2‑секретары бо­луп иштеген. 1935–37‑ж. Москвадагы Кызыл профессура ин‑тунда окуган. Анын демилгеси м‑н 1926‑жылдан кыргыз тилинде «Коммунист» парт.-саясий журналы чыга баштаган. А. 1927–28‑ж. респ‑нын түштүгүндө жер‑суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген.

АЙТМАТОВ 18.png

1937‑ж. 1‑декабрда жазыксыз камакка алынып, ага «куралдуу жол м‑н Совет бийлигин кулатууну ж‑а Англиянын протекторатынын астында буржуа­зиялык‑улутчулдук мамлекетти түзүүнү милдет кылып алган, Кырг‑нда бети ачылып, жок кылынган контр­революциячыл‑улутчул «социал‑туран» партиясынын көрүнүктүү ишмери» деген күнөө коюлган ж‑а 1938‑ж. 5‑ноябрда атылган. 1957‑ж. акталып, партия­луулугу калыбына келтирилген. Сөөгү 1991‑ж. Чоң‑Таш айылындагы Ата‑Бейит көрүстөнүнө ариет – аза м‑н коюлган. Туулуп‑өскөн жери ­Шекер айылындагы мектепке А‑дун ысмы кою­луп, эстелиги орнотулган (1992).