АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ
Jump to navigation
Jump to search
АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. 1–5‑к‑ында Теңир‑Тоо аймагында жашаган көчмөн урууларга таандык археол. эстелик. Нарын ш‑нын батыш тарабында (7 км) жайгашкан. Бийикт. 0,3— 0,8 м, диаметри 12 м чейин келген 100гө жакын дөбө‑мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндө адамдар жалгыз, кээде түгөйү менен казанактуу жана жарма көрлөргө башы кыбыланы каратып коюлган. Көрүстөндөн карала, жыгач идиштер, бычак, жебенин учу ж. б. табылган. Байыркы түрк дооруна таандык жоокердин ээр‑токумдуу аты менен кошо көмүлгөн көрүстөндөр да кездешкен. 1954‑ж. А. К. Кибиров тарабынан изилденген. Бүгүнкү күндө эстелик толук сакталган эмес.
К. Табалдиев.