АЖАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖАЛ (ар. – өлүм, тиричиликтин бүтүшү) – адамдын жарык дүйнөдөгү тиричилигинин акы­ры; денедеги зат алмашуунун түбөлүк токтошу. А. түшүнүгү адам баласынын өмүрүн Алла ку­дурети менен белгилеп койгон адамдын өмүрү деген эзелки ишеним түшүнүктөрдү да камтыйт. «Тагдыр», «Маңдайга жазылган», «жазмыш», «пешене» сыяктуу сөздөр ошонун далили. Эл ичинде айтылып жүргөн «ажал жолу чилдин арышынан кыска», «ажалды оозуна тиштеп», «ажалсыз пенде жок», «ажал жетпей өлмөк жок» деген сөздөр А. менен тагдыр түшүнүктөрүнүн ор­тосундагы байланышты түшүндүрөт. Дүйнө таа­ным аркылуу караганда тиричиликтин маанилүү шарттарынын бири.