«АНТИКОМИНТЕРНДИК ПАКТ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АНТИКОМИНТЕРНДИК ПАКТ» – Германия менен Япониянын ортосунда 1936-ж. 25-ноябрда Берлинде түзүлгөн келишим. Түпкү максаты болгон дүйнөлүк үстөмдүккө жетишүү үчүн жүргүзгөн күрөшүн Коминтернге каршы күрөшүү шылтоосу менен жаап-жашырган блок болгон. Анын кошумча протоколу тараптарды Коминтерндин пайдасы үчүн өз өлкөлөрүндө жана чет мамлекеттерде аракет кылгандарга каршы катуу чара көрүүгө милдеттендирген. Бул алардын башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берген. 1937-ж. «Антикоминтерндик пактга» Италия, кийинчерээк Венгрия, Маньчжоу-Го марионеттик «мамлекети», Испания ж. б. мамлекеттер кирген. 1939–40-ж. «Антикоминтерндик пакт» Германия, Италия жана Япониянын ачык согуштук союзуна айландырылган. 1941-ж. анын мөөнөтү дагы 5 жылга узартылып, ага Финляндия, Дания, Хорватия, Румыния ж. б. мамлекеттер кошулган. 2-дүйнөлүк согушта антифашисттик коалицияга кирген мамлекеттердин жеңип чыгышы «Антикоминтерндик пактынын» жоюлушуна алып келген.