«АЛАШ ОРДО»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:58, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЛАШ ОРДО» ‒ 1917‒20-ж. Алаш казак улуттук автономиясынын өкмөтү. «Алаш Ордо» (Улуттук Кеӊеш) 1917-ж. 5‒13-декабрда өткөн экинчи жалпы казак курултайында «Алаш» партиясы тарабынан түзүлгөн. Съездде каралган 10 маселенин ичинен эӊ маанилүүсү Алаш автономиясын түзүү жана анын өкмөтүн дайындоо болгон. «Алаш Ордо» өкмөтүнүн курамында 25 мүчөсү болуп, 10 орун казак-кыргыздардын арасында жашаган башка калктарга берилген, төрагалыгына А. Бөкейханов шайланган. Анын негизги милдети катары Россияда жеӊишке жетишкен соц. рев-ядан Казакстанды коргоо болгон. «Алаш Ордо» антисоветтик күчтөр менен жакындашууга аракеттенип, атаман Дутов менен байланыш түзүшкөн. Жарандык согушта жеӊишке жеткен Совет өкмөтү «Алаш» партиясы менен «Алаш Ордо» өкмөтүн тараткан. Убагында Совет өкмөтү тарабынан Алаш козголоӊуна катышкандарга кечирим берилгенине карабастан, алар кийин сталиндик репрессиянын курмандыгы болушкан.
А. Жуманалиев.