АБАКИРОВ Анаш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБАКИРОВ Анаш ( 2. 3. 1926, Чүй обл., Сокулук р-ну, Кызыл Туу айылы - 26. 10. 1995, Биш кек) - журналист, тарых илимд. кандидаты (1966). Россиянын Иваново ш-ндагы аскердик окуу жайын бүтүргөн (1942). Улуу Ата Мекендик согупггун катышуучусу. Кыргызстан JIKCM БКда инструктор (1950-51), ошол эле жерде жооптуу уюшгуруучу (1951-52), ВЛКСМ БКнын алдындагы Борбордук комсомолдук мектептин угуучусу (1952-54), «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орун басары (1954-56,1961), ТяньШань обком комсомолунун биринчи секретары, Кыргызстан ЛКСМ БКнын секретары (1956-59), Кыргызстан КП БКнын үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысынын орунбасары (1963, 1966-67), Кыр гызстан КП БКнын алдындагы айыл чарба тармагы б-ча идеол. бөлүмдүн башчысы (1963-64), КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын аспиранты (1964-66), партиянын Фрунзе шаардык комитетинин экинчи секрета ры (1967-70), «Советтик Кыргызстан» гезити нин редактору (1970-72), Кыргыз ССРинин мамл. басма комитетинин председатели (1972-79), Кыргыз ССРинин китеп сүйүүчүлөр коомунун председателинин биринчи орун басары (1979-87), Респ. ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары (1991-95) болуп эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4 жолу чакырылышынын депутаты (1963-80). «Совет элин социалисттик интернационализм духунда тарбиялоодогу партиялык басма сөздүн ролу» (1966) аттуу ил. эмгеги жана «Унутулгус күндөр» (1958) ж. б. чыгармалары жарык көргөн. Ата Мекендик согуш ордени (1985), Эмгек Кызыл Туу (1971), эки жолу «Ардак Белгиси» (1957, 1976) ордендери жана медалдар менен сыйланган.
А. Туркменов.