АЛИППЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИППЕ ‒ окууга, жазууга үйрөтүүчү жана сөз байлыгын арттырып, логикалык ой жүгүртүүнү өстүрүүчү окуу куралы; 1-класстын окуу китеби. Окуучунун эӊ алгачкы окуу энциклопедиясы болгон бул китеп балага эне тилинин мүнөздүү белгилери, дүйнө, айлана-чөйрө, Ата журт, анын улуттук ыйык символдору, тарыхы, географиясы, элинин маданий салттары, элдик таалим-тарбия үлгүлөрү, үлгү туткан адамдары, өлкөнүн учурда түрдүү тармактагы жетишкендиктери тууралуу маалыматтарды

АЛИППЕ77.png

өзүнө топтоо менен ага таанытат. И. Арабаев түзгөн кыргыздын туӊгуч алиппеси 1924-ж. реформаланган араб алфавитинде жарык көргөн. Бүгүнкү күндө(2006) кыргыз мектептеринде он үчүнчү «А» колдонулууда. Ал өзүнчө бүтүн комплексти түзөт, ага: «Алиппе» китеби, «Алиппе дептери», «Кесме тамгалар», «Шайыр тамгалар»,

АЛИППЕ78.png

«Методикалык колдонмо», «Класстан тышкары окутулуучу хрестоматия» кирет.