АЛМАЛЫК КӨМҮР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:29, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛМАЛЫК КӨМҮР КЕНИ Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Жалгыз-Арча кырка тоосунун түн. капталынын этегинде, Ош ш-нан 22 км түштүктө. Кен 1908-жылдан белгилүү. Көмүр 1908‒17-ж. жекече өндүрүүчү А. В. Спечев тарабынан казылып, 1917-ж. көмүр казып алуу токтоп, 1925-ж. кайрадан башталган. Геол. издөө жана чалгындоо иштери 1955‒56, 1958‒61-ж. жүргүзүлгөн. Көмүр юра катмары менен байланышкан. Көмүрлүү катмарда 2 кабат бар. Үстүнкү кабатынын орт. калыӊдыгы 23,6 м, көмүр 3Б маркасына кирет. Орт. күлдүүлүгү 30%. Күйгөндөгү табы 7061 ккал/кг (290,5 МДж/кг). 1997-жылга карата запасы 19 257 миӊ т.