АЙЫР ТОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:17, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫР ТОО – суу бөлгүч кырка тоолор. Алар суу алаптарын же суу башаттарын бөлүп турат. Мис., Борб. Теңир‑Тоодогу Ак‑Шыйрак кырка тоосу Нарындын жана Таримдин алаптарын бөлүп турат. «Айыр» деген түшүнүк башка тилдерде да кеңири таралган, бирок түрдүү маанилерди берет: азербайжанча «айрыж» – жол тоому, алтайча, өзбекче «айры» – шаңшаар, капчыгай. Казакстанда Аир наамындагы көптөгөн тоолор жана ашуулар бар; монголчо «айрик» – жапыз тоо, дөбө маанисинде, к. Суу бөлгүч.