АЙВАЗОВСКИЙ, Иван Константинович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙВАЗОВСКИЙ, Г а й в а з о в с к и й Иван (Ованес) Константинович [17 (29). 7. 1817, Феодосия – 19. 4 (2. 5). 1900, ошол эле жерде] – орус сү­рөтчүсү,

АЙВАЗОВСКИЙ45.png

деңиз пейзажынын чебери. 1833‑37‑ж. Петербург сүрөт академиясында окуган. 1844‑жылдан Башкы деңиз штабынын сүрөт­чүсү. 1845‑жылдан Феодо­сияда жашап, өзүнүн өнөр­канасында сабак берген (1986) жана сүрөт галереясын негиздеген (1880). 1845‑ж. академик, 1847‑ж. проф., 1887‑ж. Сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү, европалык бир нече сүрөт академиясына мүчө болуп шайланган. Алгачкы иштеринде Айвазовский өзүнүн окутуучуларынын салтын улантып, «Петер бур­гдун чет жакасындагы деңиз жээгинин көрү­нүшү» (1835) деген сүрөтүн тарткан. 1840‑ж. өз мезгилинин эң көрүнүктүү маринисти деген ев­ропалык атакка ээ болгон. Аны замандаштары К. П. Брюллов, В. Д. Жуковский, У. Тёрнер жо­гору баалашкан. Сүрөтчү 1836‑ж. А. С. Пушкин менен таанышып, ага бир катар картиналарын арнаган.

И. К. Айвазовский. «Тогузунчу вал». 1850. Орус му­зейи. Ленинград.

Айвазовскийдин бүткүл өмүрүндөгү искусствосунун негизги темасы дайым өзгөрүлмөлүү, каардуу деңиз болуп кала берген. Чыгармалары талкаланган кемелердеги деңиздин толкуну менен күрөшкөн адамдарды романтикалык эффектте чагылтып, таасирлүү эргүүнү пайда кылат. «Тогузунчу вал» (1850), «Чесмен согушу», «Наваррин согушу» (1848), «Кара деңиз» (1881), «Толкундар арасында» (1898) деген шедеврлердин, ошондой эле 6 миңге жакын картина, сүрөт жана акварелдин автору. Ад.: Пилипенко В. Н. Айвазовский И. К. М., 1980.