АМПЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМПЕР – эл аралык бирдиктер системасындагы (СИ) ток күчүнүн бирдиги. А. вакуумда бири биринен 1 м аралыкта турган узундугу чексиз жана туурасынан кесилиш аянты эсепке алынбагандай болгон жарыш эки өткөргүч б-ча турактуу ток өткөндө, алардын ортосунда 2'10~7Н аракеттешүү күчүн пайда кылган ток күчүнүн бирдиги. СИдеги ток бирдиги фр. окумуштуусу Ампердин ысмы менен аталып, А менен белгиленет.