АК СЕРКЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:56, 23 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ кыргыздын улуттук тамактарынын бири; эзилген сүзмө, курут же айран катыкталган шорпо. А. шорпого азыраак суу кайтарып, кесме салып бышырып, сүзүп алгандан кийинки кесменин шорпосуна кымыз, айран же эзилген сүзмө, курут катыктоо м-н даярдалат. Эттин шору, кесменин маӊызы, катыктын ачкылы ‒ үчөө кошулган А. ток ж-а даамдуу болот. А. тамакты сиӊирүү үчүн суусундук катарында «беш бармактан» кийин ичилет.