АМПЕЛОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМПЕЛОГРАФИЯ (гр. ampelos – жүзүм жана ...графия) – жүзүмдүн түрү жана сорту ж-дөгү илим. Сырткы чөйрөнүн жана агротех. ыкманын таасиринен жүзүм түрүнүн жана сортунун белгилеринин өзгөргүчтүк мыйзам ченемдүүлүгүн А. изилдейт. Түрдүү аймакта өскөн жүзүм түрү жана сортунун белгилерин изилдөө сорт райондоштурууну ил. жактан иштеп чыгууга, селекция ишинде жүзүм түрү менен сортун туура пайдаланууга, о. эле тигил же бул сорт тобунун алынышы ж. б. аныктоого мүмкүндүк берет.