АБРАЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБРАЗИЯ (лат. abrasio – кыруу, жышуу) – деңизде, көлдө жана ири суу сактагычтарда толкун менен шарпылдактын таасиринен жээктердин жемирилип бузулушу. А-нын тездиги толкундун

Ж-Жар (клиф); АТ - Абразиялык тектир; АК - Аккумуляциялык кашат; СД - Суу деңгэзли.

күчүнө, жээктеги тоо тектердин курамына байланыштуу. А-нын натыйжасында жээкте абразиялык (жемиринди) тектир менен жар (клиф) түзүлөт. Айрым учурда жээк жемирилип отуруп кашаты тегизделип, жайык формага өтөт. Тоо тектердин А-дан пайда болгон кесек сыныктары, кум, чопо ж. б. толкун менен шиленип, суу түбүндөгү А-лык жантаймалардын этегине чогулуп, аккумуляциялык кашатты пайда кылат.