АК-САРАЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:19, 23 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ Амир Темир дооруна таандык арх-ралык эстелик. Өзбек Респ-сынын Шахрисабз ш-нда жайгашкан. Пайдубалы 1380-ж. түптөлгөн. Ал Амир Темирдин Хорезмдеги жеӊишинин урматына салынган. Эстеликте чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чиймелер, о. эле «798-хижра жылы (16. 10. 1395‒5. 10. 1396)» деген жазуулар бар. А-дын курулушу Темирдин уулу Шахруктун тушунда аяктаган. Жазма даректерде 1707-ж. А-да Бухара ханы Убайдулла отурганы айтылат. 1403-ж. Шахрисабзда болгон испан элчиси Г. Клавихо А-дын өзгөчө көркөмдүүлүгүн жазат. А. мамлекеттин ж-а ЮНЕСКОнун камкордугуна алынган.