АЛЬТЕРНАРИОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬТЕРНАРИОЗ – өсүмдүк илдети. Аны мите козу карын (alternaria) пайда кылат. Картошка, алма, алмурут, барсылдак A-у белгилүү. Илдеттүү өсүмдүктү кара так басып, өсүмдүк ткандары акырындык менен солуйт. Ал көбүнчө өсүмдүктүн урук түйүлдүгүндө өөрчүп, үрөн өнбөйт. Ага каршы күрөшүү чаралары: үрөндү хим. препараттар менен дарылоо, аңызды өсүмдүк калдыгынан арылтуу, которуштуруп эгүүнү туура жүргүзүү.