АЛТЫГАНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:36, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫГАНА, т ө ө к у й р у к (Caragana) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумунун уруусу. Бадал, бийикт. 1-2 м, кабыгы боз, сары, күрөң ж. б. Жалбырагы канат сымал татаал кесил-

АЛТЫГАНА 5.png

ген, жан жалбырагы, жалбырак сабы тикенге айланган. Гүлү сары же кызгылт, эки жыныстуу, жалгыздан же 2-5 гүлү бар боочону түзөт, мөмөсү – чанак, анын уз. 3-4 см, түктүү же түксүз. Май айынан баштап гүлдөй баштайт. Кургак сайда, шагыл таштуу капчыгайда, өзөн суулардын жээгинде 80дей түрү таралган. Көбүнчө О. Азия, Кытай, Монголия, Жунгария, Кашкарияда кездешет. Кыргызстандын бардык р-ндорунда 14 түрү таралган.