АЛМА КҮБӨСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:28, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛМА КҮБӨСҮ ‒ какач канаттуулар түркүмүндөгү көпөлөк; алма зыянкечи. Өӊү ак, канатын жайганда уз. 18‒22 мм, алдынкы канатында үч катар кара тагы бар, арткысы ак, кээсиники куба. Ысык-Көл, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана түштүктө жаӊгак-жемиш токойлорунда кездешет. Көпөлөк Кыргызстандын түштүгүндө майдын ортосунда, түндүгүндө жана тоо этектеринде июндун башында күн батканда учат. Ургаачысы алманын жаш бутагынын кабыгына жумуртка (20‒90) таштап, кабыкчага айлануучу былжырлар менен жабат. Жумуртканын эмбриондук өсүшү 1‒2 жумада бүтүп, малагы кабык коӊулдарында кыштайт. Жазында куурчакчага айланып, эки жумадан кийин көпөлөк учуп чыгат. Каршы күрөшүү чаралары: жаз алды менен уу химикаттарды (0,2 %түү хлорофос жана физалон) чачуу.